19.07.2018 17:39

Алмазбек Атамбаев: мен Албек Ибраимовго карата тергөө иштери акыйкат болооруна ишене албай турам

  Албек Ибраимовдун иши (5 материалов)
Алмазбек Атамбаев: мен Албек Ибраимовго карата тергөө иштери акыйкат болооруна ишене албай турам

«Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовго ачылган иште чындык менен мыйзам эске алынбай жатканын  көрүп туруп, мен Албек Ибраимовго карата деле тергөө иштери акыйкат болооруна ишене албай турам»,- деп билдирди КСДП лидери Алмазбек Атамбаев. Экс-президенттин Бишкек мэрин камакка алууга карата пикирин партиянын маалымат кызматы таратты.  

«Дастан» ишканасына миллиондогон киреше, ал эми мамлекетке - бул ишкананын тарыхындагы алгачкы дивиденддерди алып келген долбоор үчүн Албек Ибраимовду кантип күнөөлөп жаткандарын түшүнүү кыйын», -деп жазылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-июлда УКМК Албек Ибраимовду бир нече иш боюнча шектүү катары камакка алды.